Борбордук шайлоо комиссиясы Таласта шаардык кеңештин депутаттарын шайлоонун алдын ала жыйынтыгын чыгарды. Добуш берген 9056 шайлоочунун ичинен 31,02% менен «Бирге бирге» партиясы эң көп добушка ээ болду.
Бишкекте жергиликтүү кеңештерге шайлоодо добуштарды сатып алууга шектелип КСДПнын лидери жана мүчөлөрү кармалды. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты жергиликтүү кеңештерге шайлоодо добуштарды сатып алган деп шектелүүдө. Социалдык тармактарда шайлоочуларды сатып алуу схемаларын талкуулаган аудио жазуу пайда болду. Тергөө органдары буга чейин кылмыш ишин козгогон.
Этникалык кыргыз Нодира Жанибекова «Адолат» социал-демократиялык партиясынан Өзбекстан парламентине кайрадан депутат болуп шайланды. 27-октябрда өткөн шайлоодо төмөнкү палатанын курамы 60% жаңыланды, 38% аялдар түзөт, бул өлкө үчүн рекорддук көрсөткүч.