Жогорку Кеңештин депутаттары Өзбекстандын Мыйзам чыгаруу палатасына болгон шайлоого көз салышты
Жогорку Кеңештин депутаттары Талайбек Масабиров менен Сейдбек Атамбаев Өзбекстанда биринчи жолу аралаш система колдонулган шайлоого эл аралык мониторингге катышты. Байкоочулар шайлоо комиссияларынын жогорку деңгээлдеги даярдыгын жана жарандардын талапкерлер тууралуу активдүү маалымдуулугун белгилешти.