Чүй районунун Беловодское айылында быйыл түшүмдүүлүгү бир топ жогорулаган кант кызылчасын кабыл алуу кызуу жүрүп жатат. Дыйкандар түшүмдүн 65% тапшырып, рекорддук көрсөткүчтү 140 миң тоннага жеткиришти, бул былтыркы көрсөткүчтөн ашат. Ар кайсы райондордон келген автомашина-лар кун сайын узун кезектерди тузуп, кызылчаны кабыл алуу процесси 20 минутага жакын убакытты талап кылгандай уюштурулган. Ноябрь айынын аягына чейин оруп-жыйноо кампаниясы аяктап, заводдор 120 миң тонна кумшекер өндүрүп, акыркы 40 жылдагы рекорддук көрсөткүчкө жетиши күтүлүүдө.
Кыргызстанда 477 көмүр сатуучу пункт бар, анын ичинде Чүй облусунда жана Бишкек шаарында жаңы кампалар бар. Баасы тоннасына 5000 сомдон 5800 сомго чейин. Энергетика министрлиги кышка чейин алдын ала көмүр сатып алууну сунуштайт.
Екатеринбургда өткөн “EXPOTRAVEL-2024” эл аралык туристтик көргөзмөдө Кыргызстан улуттук боз үй тигип, маданий программасын тартуулады. Коноктор спектакль жана тамак-аштан ырахат алуу менен өлкөнүн каада-салты жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты.
Ысык-Көл облусуна 2024-жылдын жазында 724 минден ашык турист келген. Бул откон жылга салыштырмалуу 29 минге коп. Регион жетекчиси Уланбек Далиев инфраструктурасы жакшыртуу жана туристтик кызматтарды онуктуруу боюнча чараларды талкуулоодо. Мындан тышкары, коопсуздук, экологиялык абалды жакшыртуу жана мамлекеттик структуралар менен кызматташуу маселелерин көтөрдү.