
Полицейский шаарчасындагы Кадыр-Ата көчөсүнө асфальт төшөлүүдө
Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Кадыр-Ата көчөсүндө 430 метр узундуктагы жана 7 метр туурасындагы жаңы асфальт төшөлүүдө. Жол боюнда жаңы бордюрлар орнотулуп, ирригациялык система түзүлдү. Бул иштер көчөдө кыймылды коопсуз жана ыңгайлуу кылып, тургундар үчүн шарттарды жакшыртат. Мурда мыйзамсыз соода түйүндөрү жайгашкан аймак тазаланып, заманбап жана коопсуз болуп калды.








