
РУПОИде Балдарды коргоо күнүнө арналган майрамдык иш-чара өткөрүлдү
Бишкек, 31.05.25. Республикалык протездик-ортопедиялык мекеме 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара өткөрдү. Директор Калыс Шадыханов каттоодо турган балдарды куттуктап, белектерди тапшырды. Баардык балдарга балмуздак таратылып, кубаныч тартууланды. Иш-чаранын максаты — балдардын маанайын көтөрүү, майрамдык сезим жана камкордук көрсөтүү.
