Акылбек Жапаровдун төрагалыгы алдында жергиликтүү кеңештерге шайлоо боюнча штабдын жыйыны өттү
Бишкекте 2024-жылдын 17-ноябрына белгиленген жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү боюнча республикалык штабдын жыйыны өттү. Катышуучулар 15 миңден ашык милиция кызматкерлери тартылган 2 миң 443 шайлоо тилкесинде уюштуруу, шайлоо укуктарын жана коомдук тартипти камсыздоо маселелерин талкуулашты.