Тег шайлоо участкалары

Сузак шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча добуш берүү

22-сентябрда Кыргызстанда No13 Сузак шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп жатат. Шайлоочулар саат 08:00дөн 20:00гө чейин 81 шайлоо тилкесинде добуш бере алышат. Шайлоого 7 талапкер ат салышууда жана шайлоочулардын саны 2021-жылга салыштырмалуу 11,59% көбөйгөн.