Бишкекте Жогорку Кеңештин депутаттары КМШ ПАА Кеңешинин өкүлү менен жолугушуп, парламенттер аралык кызматташуу жана шайлоо процесстерине мониторинг жүргүзүү маселелерин талкуулашты. Кыргызстандын шайлоо системасындагы ийгиликтери жана КМШ жаштарын колдоо боюнча эл аралык олимпиаданы уюштуруу пландары талкууланды.
Жогорку Кеӊеште депутаттар Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын шайлоого даярдык көрүү жана добуш берүү укугун камсыздоо чаралары тууралуу маалыматын талкуулашты. Добуш берүүнүн жаңы технологиялары, анын ичинде аралыктан добуш берүү, жергиликтүү кеңештерде аялдарга квота берүү маселелери каралды.
Жогорку Кеңештин депутаттары 2023-жылдагы шайлоого даярдык көрүү, шайлоо укуктарын камсыздоо жана укуктук маданиятты жогорулатуу маселелерин камтыган Борбордук шайлоо комиссиясынын отчетун талкуулашты. Шайлоо участкаларын түзүүдөгү мыйзам бузуулар, талапкерлерди текшерүү механизмдери жана шайлоочулардын активдүүлүгүн жогорулатуу маселелери көтөрүлүүдө. Ошондой эле алдыдагы шайлоолор жана чет өлкөлөрдө жарандарга добуш берүүнү уюштуруу маселеси талкууланууда.
Жогорку Кеӊештин комитети 2023-жылдагы шайлоо боюнча жылдык отчетту, анын ичинде шайлоо активдүүлүгүн жогорулатуу жана бюджеттин натыйжалуулугун жогорулатуу маселелерин талкуулады. Майыптар үчүн шайлоо күрөөсүн азайтуу боюнча мыйзам долбоору да жактырылды.