Тег шайлоодо

Талас облусунун укук коргоо органдарынын кызматкерлери шайлоого карата окуу курсун аякташты

Талас районунда 17-ноябрда өтүүчү жергиликтүү кеңештерге шайлоодо мыйзамдуулукту камсыздоого тартылган укук коргоо органдарынын кызматкерлерине окуу болуп өттү. Борбордук шайлоо комиссиясы, Ички иштер министрлиги жана Башкы прокуратура тарабынан 30дан ашык кызматкерлерге укук бузууларды аныктоодо иш тартиби жана аракеттери, ошондой эле шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн арыздарды каттоо механизми жана жоопкерчилик боюнча окуулар өткөрүлдү.