Шамалды-Сайдагы кесиптик лицейдин жери мамлекетке кайтарылды
Жалал-Абад облусундагы No108 кесиптик лицейинде жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында анын жетекчилиги 2003-жылы 65 сотых жерди мыйзамсыз ээлеп алганы аныкталган. 9 миллион сомдон ашык жер тилкеси президенттин жарлыгынын негизинде мамлекетке кайтарылган.