Тег Шанхай кызматташтык уюму

Акылбек Жапаров Пакистанга иш сапары менен барат

Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2024-жылдын 15-16-октябрында ШКУга мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларынын 23-жыйынына катышуу жана эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү үчүн Исламабадга барат.

Нурланбек Шакиев: Кытайдын соода-логистикалык потенциалын максималдуу пайдалануу маанилүү

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Циндао шаарындагы ШКУнун соода-экономикалык борборуна барып, Кытай жана башка мамлекеттер менен соода байланыштарын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Кыргызстан инвестиция тартуу жана соода жүгүртүүнү кеңейтүү үчүн павильонду жигердүү пайдаланууда, ал буга чейин чет элдик инвесторлор менен түзүлгөн 40тан ашык келишим түрүндө өз натыйжасын берген. Мамлекеттер аралык мамилелерди өнүктүрүү өлкөнүн экономикалык прогрессинин залогу болот.