Шопоковдо металлургиялык заводдун темир эритүүчү казанында жарылуу болуп, анын кесепетинен өрт чыкты. Өрт өчүрүүчүлөр тез арада чыгып, өрттү өчүрүшкөн, бирок жабыркагандар болгон эмес. Окуянын себеби такталууда.
Шопоководо таңгактоочу кагаз чыгарган “Ак кайың” фабрикасын өнүктүрүү маселеси талкууланган жыйын өттү. Министр Төрөбаев экологиялык таза өндүрүштү колдоого жана 2027-жылдан тарта желим баштыктарга тыюу салууга даярданууга басым жасады.
Чүй облусундагы «Экопродукт Азия» ишканасы жабдыктарын жаңыртып, заводдун кубаттуулугун суткасына 30 тоннадан 100 тоннага чейин көбөйттү. Түз пресстелген ширелердин алдыңкы өндүрүүчүсү болгон компания 800дөн ашык фермер менен иштешет жана Россия менен Кытайга экспортту кеңейтүүнү пландоодо.