
Бишкекте күн сайын 10дон ашык жүргүнчү коомдук транспортто төлөнбөгөн билет үчүн айып пул алат
Бишкек шаарында күн сайын 10дон ашык жүргүнчү коомдук транспортто төлөнбөгөн жол акысы үчүн айып пул алууда. Мэриянын маалыматы боюнча, транспорт департаменти «Бишкек шаардык транспорт» мекемеси жана «Тулпар» компаниясы менен биргеликте рейддерди өткөрүп, төлөбөгөн жүргүнчүлөргө 1000 сомдук айып пул жазууда. Жергиликтүү бийлик жүргүнчүлөргө акча төлөгөндө талон алууну унутпашын эскертүүдө.








