Өзбекстандын күч түзүмдөрүндөгү кадрдык өзгөрүүлөр
Абдусалом Азизовдун ордуна Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасы болуп генерал-лейтенант Баходир Курбанов дайындалды. Буга чейин Курбановдун биринчи орун басары болуп иштеген Шухрат Халмухамедов Коргоо министри болду. Кадрдык өзгөрүүлөр президент Шавкат Мирзиёевдин жарлыгы менен демилгеленген.