Тег Си

Кытай Кыргызстанга 200 миллион юанды бекер бөлүп берет

Бээжинде Бакыт Төрөбаев менен Ло Чжаохуйдун жолугушуусу болуп, анда кыргыз-кытай кызматташтыгы жана эки тараптуу долбоорлорду ишке ашыруу талкууланды. Биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу үчүн Кытайдан 200 миллион юань өлчөмүндө акысыз жардам көрсөтүү боюнча келишимге кол коюлду.

Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода жүгүртүү 2024-жылдын жети айында дээрлик 11 миллиард долларды түздү

Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык жаңы деңгээлге чыгып, 2023-жылы сооданын көлөмү 20 миллиард долларга жетти. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун ишке ашыруу улантылып, жөнөкөйлөштүрүлгөн Бедел өткөрүү пункту да ачылып, эки тараптуу мамилелердин активдүү өнүгүп жаткандыгын баса белгилейт.