Тег скутер

Бишкекте скутердеги курьер жүк ташуучу унаанын астында калып каза болду – окуянын видеосу

Бишкекте жүк ташуучу унаа менен скутердин катышуусунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен скутер айдаган 17 жаштагы жигит каза болду. Автосамосвалдын айдоочусу бурулуп бара жатып мотоциклченди байкаган эмес. Учурда тергөө иштери башталды.

«Бишкекте кичинекей автобус менен болгон ЖОЖдо скутердин айдоочусу каза болду»

2023-жылдын 6-августунда Жибек Жолу проспекти менен Манас проспектинде микроавтобус менен скутер кагышты. Микроавтобусту башкарган 1980-жылы туулган О. Б. Жибек Жолу проспектиси боюнча чыгышка карай бараткан. Манас проспекти менен кесилишкенде 1998-жылы туулган С. А. башкарган скутер менен кагылышкан. Окуянын натыйжасында скутердин айдоочусу С. А. окуя болгон жерде көз жумду. Скутердин жүргүнчүсү 2008-жылы туулган Т. А. шаардык балдар ооруканасына ар кандай жаракаттар менен жеткирилди. Окуя боюнча бардык зарыл экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.