Нарын облусунда күз-кыш мезгилине даярдык көрүлдү
Нарын электр тармактар ишканасы тарабынан 3 миң чакырымдан ашык аба чубалгыларын жана 232 трансформаторду капиталдык жана учурдагы оңдоо иштери бүткөрүлүп, күз-кыш мезгилине инфраструктурасы даярдалды. Жаңы объектилер, анын ичинде темир-бетон таянычтарды чыгаруучу цех жана 110/10 кВ көмөкчордон ишке киргизилди. 12 705 акылдуу эсептегичтер орнотулуп, электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жогорулатат.