
Ош шаарында гараждар бузулуп, алардын ордуна эс алуу паркы курулат
Ош шаарында 2,5 гектар жерди ээлеген гараждарды бузуу иштери башталды. Бул иш-чаралар мэр Жеӊишбек Токторбаевдин тапшырмасы менен "Джекелик" каналынын ачылышы жана Ак-Буура дарыясынын коругун түзүү алкагында жүргүзүлүүдө. Бул аймакта шаар тургундары үчүн эс алуу паркы курулат.
