Кыргызстанда 17-ноябрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 27,83% шайлоочулардын катышуусу менен өттү. 4,1 миллион жарандын 1 миллион 150 миңи добуш берип, 31,39 пайыз менен “Адилет” партиясы, экинчи орунда “Жаңы Кыргызстан” жана “Ынтымак” партиясы чыкты.
Бишкекте СДПК партиясы АШКнын чечими менен шайлоого катышуудан четтетилди. БШК мүчөсү Узарбек Жылкыбаев азырынча бул чечимге карата даттануулар түшө электигин билдирди.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы добуштарды сатып алуу фактылары боюнча Социал-демократтар партиясын каттоодон баш тартты. Бул факты боюнча РИИБ тергөө иштерин жүргүзүп, партиянын лидери баш болгон бир нече мүчөсү кармалган.
Бишкекте КСДПнын эки өкүлү добуштарды сатып алуу фактысы боюнча кармалды. Тергөөнүн жүрүшүндө алар шайлоодо добуш берүү үчүн накталай акча которууну уюштурушканы аныкталган. Кылмыштуу аракеттерди тастыктаган акча жана документтер алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.