Тег социалдык-экономикалык мамилелер

Бишкекте “Кыргызстан-Кытай достук коомунун” ачылышы болду

Бишкекте эки өлкөнүн кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган “Кыргызстан-Кытай достук коому” коомдук бирикмеси ачылды. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, Кытай Эл Республикасынын элчиси баш болгон иш-чаранын катышуучулары экономика, маданият жана билим берүү тармагындагы стратегиялык байланыштардын маанилүүлүгүн баса белгилешти. Уюм эки тарапка тең пайдалуу кызматташтыкты илгерилетүү менен ишкер мамилелерди өнүктүрүүгө жана инвестиция тартууга ниеттенүүдө.