2024-жылдын 1-ноябрынан 6-ноябрына чейин Кыргызстандын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун делегациясы Анталияда болушту. Миграция, эмгек мигранттарынын укуктары жана эмгек шарттарын жакшыртуу маселелери талкууланды. Тараптар кыргызстандыктарды Түркиянын эмгек рыногуна эффективдүү интеграциялоо боюнча сунуштарды иштеп чыгышты.
Нуржан Мусаевна Алапаева Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаментинин директору болуп дайындалды. Ал буга чейин директордун орун басары кызматын аркалап, башка ишке кеткен А.Балбаковдун ордуна келген.
Бишкекте Эл аралык карылар күнүнө арналган “Жүрөктөн жүрөккө” кайрымдуулук жарманкеси өттү. Иш-чара уникалдуу буюмдарды жана сувенирлерди тартуулаган 40ка жакын өз жардам топторун бириктирди. Конокторго мастер-класстар, лотерея жана улгайган жарандардын жигердүү узак өмүр сүрүүгө жана жашоо сапатын жакшыртууга багытталган спорттук иш-чаралар сунушталды.
Бишкекте Ошто беш жашар балага зордук-зомбулук көрсөтүлүшү мүмкүн деген видео жарыялангандан кийин иликтөө иштери башталды. Баланын апасы аны тамаша үчүн гана урушканын айтууда. Фактыны тактоо үчүн экспертиза дайындалып, бала реабилитациялык борборго жайгаштырылды.
Министрлер Кабинети "Келечекке Салым" депозитинин ачылышы, толуктоосун жана каражаттарды паидалануу тартибин бекитти. 18 жашка толгон жетим балдар їчїн кенинин кєлємї 500 мин сомдон кемес богдору. Депозиттерди ачуу проактивдуу кызмат турундо, жарандарын жеке кайралуусунан тышкары ишке ашырлат.