Тег социалдык маселелер

Бишкектин мугалимдери мамлекеттик билим берүү мекемелеринин өзгөчө статусун жоготкондугуна байланыштуу жумушун таштап кетүүдө

Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар социалдык-экономикалык орчундуу маселелерди, анын ичинде ичүүчү суу менен камсыздоо, билим берүү жана маданият объектилерин куруу, ошондой эле мигранттардын көйгөйлөрүн, мугалимдердин жетишсиздигин талкуулашты. Талкууда эскилиги жеткен имараттарды оңдоо, мектеп автобустары менен камсыздоо жана билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысын көтөрүү маселелери козголду.

«Бишкекте жаңы окуу жылына кандай даярдык көрүлүүдө. Мэриянын отчету»

Бишкек мэриясынын имаратында жаңы окуу жылына даярдык маселелери талкууланган коллегиянын жыйыны өттү. Мэриянын социалдык маселелер боюнча орун басары Виктория Мозгачева билим берүү уюмдарынын даярдыгы тууралуу маалымат берди. Бишкекте 238 билим берүү мекемеси бар, алардын 121и жалпы билим берүү, 111и бала бакча жана 6сы балдар чыгармачылык борборлору. 2024-2025 окуу жылына 21 850 орун электрондук каттоо үчүн сунушталган. Мектепке даярдык жана бала бакчаларды кеңейтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө, жаңы орундар ачылып, балдардын саны көбөйтүлүп жатат.