Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду көз карандысыз каржы институту статусун алды
Президент Садыр Жапаров Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндөгү келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду. Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган бул чечим фонддун көз карандысыз каржы институтуна айланышына шарт түзүп, Кыргызстандагы инвестициялык климатты жакшыртып, энергетика, транспорт жана саламаттыкты сактоо сыяктуу экономиканын негизги тармактарында мамлекеттик долбоорлорду ишке ашырууга колдоо көрсөтөт.