Тег социалдык тармактар

БГК саясий партиялары таза шайлоо өткөрүү боюнча меморандумга кол коюшту

Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышкан саясий партиялар шайлоо эрежелерин сактоо жана социалдык тармактарда үгүт иштерин жүргүзүү боюнча меморандумга кол коюшту. Жети партиянын алтоо ачык жана адилет өнөктүктү, этикалык нормаларды сактоону жана добуштарды сатып алууга каршы күрөштү колдой турганын ырасташты. Меморандум аялдар талапкерлердин катышуусун колдоо жана демократиялык шайлоого көмөк көрсөтүү боюнча милдеттенмелерди камтыйт.

КР ЖК депутаты: психологиялык кызмат көрсөтүү рыногунда компетентсиз адистер көп

Жогорку Кеңештин депутаттары Жоруктар жөнүндө кодекске жана “Жарнак жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорлорун кабыл алышты. Биринчиси, эпизоотиялык бакубаттуулукту жана азык-түлүк коопсуздугун жакшыртууга, экинчиси психологиялык кызмат көрсөтүү рыногун жөнгө салууга, жарандарды компетентсиз адистерден коргоого багытталган.