
Садыр Жапаров: Нарын шаарында ипотекалык үйлөрдүн курулушу аяктоого жакын болууда
Садыр Жапаров Нарын шаарында ипотекалык үйлөрдүн курулушу бүтүп баратканын билдирди. Президенттин айтымында, «Тенир-Тоо» өнүктүрүү фондуна 2 миллиард сом чогултулуп, бул каражат Нарындын социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорун ишке ашырууга жумшалууда. Кумтор алтын кенинен түшкөн кирешенин бир бөлүгү фондго бөлүнүп, ипотекалык үйлөрдүн курулушун каржылоодо колдонулууда.








