Тег социальные выгоды

Энергетика министри Ортолук Азия өлкөлөрүнүн кесиптештери алдында сөз сүйлөдү

Астанада Борбордук Азия өлкөлөрүнүн энергетика министрлеринин жолугушуусу өттү. Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев Казакстандагы жумушчу сапарынын алкагында катышты. Жолугушууда энергетика тармагында өнөктөштүктү орнотуу, газ жана мунай продуктулары боюнча кызматташтыкты кеңейтүү, гидроэнергетика жана кайрадан жаңылануучу энергия булактары боюнча долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды. Ибраев Кыргызстан гидроэнергетика рыногундагы лидерлердин бири экенин белгилеп, көршү өлкөлөрдү инвестициялоого чакырды. "Камбар-Ата-1" ГЭСинин курулушу боюнча долбоордун маанисин жана анын аймак үчүн пайдасын баса белгиледи. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча коммюнике кол коюлду.