Тег Сойкукана

Бишкекте жашы жете элек балдарды кыйноо жана коркутуу жолу менен сойкулукка мажбурлашкан

Бишкекте жашы жете элек өспүрүмдөрдү сойкулукка тартууга шектелген эки жаран кармалды. Милициянын айтымында, алар кыздарды коркутуу жана кыйноо аркылуу сексуалдык кызмат көрсөтүүгө мажбурлашкан. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Бишкекте сойкуканада рейд учурунда сойкулук менен алектенген 50дөн ашык кыз табылды

Бишкекте адам сатуу жана сойкулук менен күрөшүүгө багытталган “Stashhouse” рейди өттү. Иш-чаранын жыйынтыгында сойкулук менен алектенген 50дөн ашык кыздар кармалып, алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Батирлерди мыйзамсыз пайдаланып жаткан көп кабаттуу үйлөрдү текшерүү дагы уланууда.