Тег соода-экономикалык байланыштар

Жогорку Кеңештин депутаттары Кытайдын Чжэцзян провинциясынан келген Коммунисттик партиясынын делегациясы менен жолугушту

Бишкекте “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын өкүлдөрү менен Кытайдын Коммунисттик партиясынын делегациясынын жолугушуусу болуп, анда кыргыз-кытай кызматташтыгы, анын ичинде парламенттер аралык жана маданий байланыштар боюнча маселелер талкууланды. Депутаттар соода-экономикалык мамилелерди тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешип, Жогорку Кеңештин төрагасынын жакында Кытайга болгон иш сапарын эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн жаңы этабы катары белгилешти.

Нурбек Сыдыгалиев АКШ менен түз авиакаттам ачууну өлкөнүн элчиси менен жолугушууда сунуштады

Бишкекте Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев АКШ элчиси Лесли Вигери менен жолугушуп, саясий-экономикалык кызматташтыкты чыңдоо, америкалык инвестицияны тартуу жана өлкөлөр ортосунда түз аба каттамдарын ачуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.

Президент Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга болгон иш сапары аяктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Түркмөнстанга жумушчу сапарын аяктап, анда акын Магтымгулы Фрагинин 300 жылдыгына арналган эл аралык форумга катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө түрдүү тармактарда кызматташууну тереңдетүү боюнча идеялар талкууланып, Жапаровго медаль тапшырылды.

Жогорку Кеңештин депутаттары Мамлекеттик Думаны Кыргызстандын жарандарынын Орусияга кирүүдөн баш тартуусуна көңүл бурууга чакырды.

Бишкекте Улан Примов менен Борис Чернышовдун жолугушуусу өтүп, анда кыргыз-орус кызматташтыгы, миграция көйгөйлөрү жана соода-экономикалык мамилелер талкууланды. Примов Кыргызстандын жарандарынын кирүүсүнөн баш тартуу жана балдардын Орусияда билим алуудагы кыйынчылыктарына токтолду. Чернышов елкелердун ортосундагы ез ара тушунушууну жана кызматташтыкты жакшыртуу учун бул маселелер боюнча суйлешуулерду жургузууге убада берди.