
Тышкы иштер министринин орун басары Сауд Аравиянын элчиси менен жолугушту
Бишкекте КР Тышкы иштер министринин орун басары Темирбек Эркинов менен Сауд Аравиясынын элчиси Ибрагим бин Ради Аль-Радинин жолугушуусу болуп, анда жогорку деңгээлдеги сапарлар жана эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө талкууланды. Тараптар саясат, экономика жана инвестиция тармагындагы мамилелерди өнүктүрүү боюнча документтерге кол коюуну тездетүүнү макулдашты.








