Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстан менен чек арада логистиканы жакшыртып, товарларды жеткирүүнү тездетүүчү соода-логистикалык комплекс түзүү боюнча мыйзамга кол койду. Комплекс өндүрүштүк кооперацияны өнүктүрүүгө жана жаңы продукцияны иштеп чыгууга көмөктөшүүчү өндүрүш аянтчаларын, кампаларды жана транспорттук инфраструктураны камтыйт.
2024-2028-жылдарга Кыргызстандын агроөнөр жай тармагында соода-логистикалык борборлорду өнүктүрүү программасы боюнча токтом кабыл алынды, ал айыл чарба продукциясынын экспорттук потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Программа ошондой эле жергиликтүү өндүрүшчүлөр тарабынан продукцияны сатуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү камтыйт.
Бишкек шаарында айыл чарба тармагы боюнча 96 долбоор ишке ашырылууда. Анын 20сы 1,072 миллиард сомго каржыланган. Долбоорлор мал чарбачылык, айыл чарба, логистика жана башка багыттарды камтыт.