Зордук-зомбулукка кабылган Асел Ногойбаева орусиялык дарыгерлердин жардамы менен сентябрь айында пластикалык операция жасатууга даярданып жатат. Зордуктоо үчүн соттолуп, узак мөөнөткө абакка кесилген мурдагы күйөөсү тарабынан ырайымсыз кол салуудан кийин анын иши көңүл бурган.
Кыргызстан колония-поселениелерди жоюу мъмкънчълъгъ талкуулоодо. Министр Аяз Баетовдун билдируусуне ылайык, электрондук браслеттер менен пробация системалары колония-поселение лардын функцияларын кайталап жатат. Юрист жана укук коргоочулар бул идеяны ар кандай көз караштар менен карап жатат, бирок реформалардын зарылдыгын баса белгилешет.
ГКНБ Ничкесу кенинен алтын менен толтурулган рудасын мыйзамсыз чыгаруу боюнча шектүүлөрдү кармады. Алар лицензиясыз алтын казып, 2-5 метр тереңдикте, 3 метр тууралыктан жана 57 метр узундуктан казууларды жүргүзүшкөн. 29-июлда Баткен райондук соту төрт жаранды эки айга камакка алды. ГКНБ башка шектүүлөрдү аныктоо жана келтирилген зыянды баалоо иштерин улантууда.
Президент Садыр Жапаров айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Бул өзгөртүүлөр КРнын Кылмыш-жаза кодекси, Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси жана башка мыйзамдарга тиешелүү. Жогорку Кенеш тарабынан 2023-жылдын 26-июнунда кабыл алынган мыйзам, Конституциялык соттун 2023-жылдын 29-мартындагы чечимин ишке ашыруу максатында киргизилген. Мыйзамга ылайык, соттун өкүмү күчүнө киргенге чейин кармалган күндөр эки күн катары эсептелет. Ошондой эле, бул нормалар 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.