Тег спортчулар

Казакстанда спортчуларга диний ишенимдерин ачык көрсөтүүгө тыюу салынды

Казакстанда Спорттук этиканын жаңы редакциясы бекитилди. Бул документ спортчуларды, машыктыруучуларды коомдук жүрүм-турум эрежелерин сактоого, адеп-ахлакка жана башка спорттук нормаларга ылайык келүүгө чакырат.

Злата Аркатова: Менин максатым – финалга чыгуу эле.

Кыргызстандык спортчу Злата Аркатова Софияда өткөн көркөм гимнастика боюнча өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатында алтын медаль утуп алды. Бул жеңиш Кыргызстан үчүн чоң ийгилик болуп саналат. Аркатова 4 жашынан бери гимнастика менен алектенип келет жана өзүнүн чеберчилигин жогорулатууда. Чемпионатка даярдык учурунда жаңы көнүгүүлөр иштелип чыгып, машыгууларга чоң күч жумшалды. Финалдык этапка Польша, Казакстан, Египет, АКШ жана Австралиядан спортчулар чыгышты. Машыктыруучулар жана команда мүчөлөрү чоң салым кошту, бул болсо Кыргызстанга алтын медаль алып келди.

Кыргызстанда тоо туризми боюнча дүйнөлүк чемпионат өтөт

Кыргызстанда биринчи жолу Чункурчак капчыгайында 18-22-июнда тоо аралыктагы спорттук туризм боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Россия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын күчтүү командалары катышат. Чемпионат 22-июнда жыйынтыкталат.

Жалал-Абад шаарынын мэри самбо жана грэпплинг боюнча эл аралык турнирлердин жеңүүчүлөрүн куттуктады

Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков Армениядагы самбо боюнча дүйнөлүк кубокто жана Бишкектеги грэпплинг боюнча эл аралык турнирде байгелүү орундарды ээлеген спортчуларды жана алардын машыктыруучуларын куттуктады.

Бишкекте кыргыз күрөш боюнча республикалык турнир өтүүдө

Бишкекте кыргыз курош боюнча республикалык турнир башталды, ал белгилүү машыктыруучулар жана дүйнө чемпиону Жанболот Осмоновдун элесине арналган. Турнирге өлкөнүн бардык аймактарынан спортчулар катышууда.