Күнү-түнү суу өчүрүлүп, жуунууга жана жууганга мүмкүнчүлүк жок
Чуй облусунун Дон-Арык айылында жашаган тургундар суунун жоктугуна нааразы болушууда. Алар күндүз суу берилбестен, түнкү саат 12ден кийин гана суу ала тургандыктарын билдиришет. Тургундар суунун жоктугуна байланыштуу жуунуп, кийим жууганга жана идиш жууганга да мүмкүнчүлүк ала албай жатышат. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн суу маселесин чечүүнү талап кылышууда.