
Сузакта Түндүк борборунун башкы адиси кармалды
Бишкек, 27.10.25./Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы калкты тейлөө борборунун башкы адиси П.Б.М. кызмат абалынан пайдаланып, жарандардан акча талап кылганы үчүн кармалды. Ал 21 000 сомду электрондук капчык аркылуу кайтарып жатканда колго түшүрүлдү. Учурда башка окшош фактыларды жана бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо иштери жүрүүдө.








