Тег Сычуань

Ошто Сычуань провинциясы менен курулуш жаатында кызматташуу талкууланды

Ош шаарында шаар мэри Бакытбек Жетигенов Сычуань аймагындагы курулуш тармагынын өкүлдөрү менен жолугушуп, шаардын инфраструктурасын жакшыртуу жана заманбап технологияларды колдонуу менен жаңы конуштарды куруу боюнча кызматташууну талкуулады. Компаниялар аймакты өнүктүрүүгө инвестиция салууга даяр экендиктерин билдиришти. байланыштарды мындан ары чыцдоо женунде макулдашууга жетишилди.

Кытайда крематорийлерден 4 миң сөөк уурдалды. Алардын сөөгү тиш импланттарына колдонулган.

Кытайда чоң кылмыштуу тармак ачылды, мунун катышуучулары крематорийлерден жана ооруканалардан өлүктөрдү уурдоо менен шектелүүдө. Алардын сөөгү тиш импланттарын жасоодо колдонулуп келген. Тергөө дагы эле уланууда, бирок белгилүү адвокат И Шенхуа соцтармактарында кээ бир маалыматтарды бөлүштү. Shanxi Aorui Biomaterials компаниясы өлгөн адамдардын сөөгүн мыйзамсыз сатып алып, 4000ден ашык өлүк уурдаган. Тергөө учурунда 75 шектүү кармалды, алардын арасында крематорийлердин кызматкерлери жана башка жергиликтүү кызматкерлер бар. Кылмыштуу схемадан 380 миллион юань (53 миллион доллар) табышты.