
Касымалиев: Электрондук коммерция — Кыргызстандын экономикалык өсүшүнүн күчтүү кыймылдаткычы
Адылбек Касымалиев эл аралык электрондук коммерция форумунда Кыргызстандын экономикалык өсүшүнө жана регионалдык интеграцияга чоң салым кошкон электрондук коммерциянын маанисин баса белгиледи. 2025-жылы ички рыноктун көлөмү 525 млн долларга жетип, 15% өскөн. Онлайн транзакциялар 1,7 млрд сомго жетти, бул өткөн жылга салыштырмалуу 56% көп. Электрондук коммерция паркы иштелип чыгып, салык жеңилдиктери киргизилген.








