Чолпон-Ата шаарынын мэри Данияр Сатаров баштаган делегация Анталияда болуп, экология жана шаар куруу боюнча алдыңкы технологияларды үйрөнүп, ошондой эле мейманканаларды жана парк аймактарын курууга инвестиция тартуу маселесин талкуулашты. Бул иш сапар шаарлар ортосундагы кызматташтыкты бекемдеп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда маанилүү кадам болуп калды. Чолпон-Ата шаары Анталия менен бир тууган шаар протоколуна кол коюп, бул макамдагы Борбор Азиядагы биринчи шаар болуп калды.
Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Анкара шаарынын мэри Мансур Явас менен жолугушуп, делегациянын Бишкекке жасаган иш сапарынын жыйынтыгын талкуулады. Ататүрк паркын реконструкциялоо жана мэриялар ортосунда тажрыйба алмашуу сыяктуу долбоорлор талкууланды. Яваш кызматташууга даяр экенин тастыктады жана шаардык кеңештин реконструкция долбоорун колдоорун билдирди. Тараптар мындан аркы аракеттерди жана Бишкек мэринин Анкарага сапарын макулдашты.
Чолпон-Ата менен Анталиянын ортосундагы бир тууган шаар мамилелери боюнча протоколго кол коюу Кыргызстан менен Түркиянын кызматташтыгынын жаңы горизонтторун ачат, анын ичинде туризм, курулуш жана экологияга инвестиция тартуу. Шаар мэрлери тажрыйба алмашуу жана Чолпон-Ата шаарында окуу-билим берүү борборун түзүү сыяктуу биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Кыргызстандын көкпар командасы V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Түркияны 15:1 эсебинде ишенимдүү жеңип, финалга чыкты. Акыркы атаандаш Казакстан менен Орусиянын беттешинен кийин аныкталат.
Кыргызстан 2023-жыл англис тилин билүү денгеели боюнча 90-орунду ээлеп, Өзбекстан 93-орунда, Казакстан болсо 104-орунда турат. Нидерланды, Сингапур zhana Austria anglis tilin mykty bilgen olkolör.
Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев жаңы дайындалган Түркия президентинин администрация маселелери боюнча башчысы Хаккы Сусмаз менен жолугушту. Элчи Казакбаев Сусмазды жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады. Жолугушууда Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү перспективалары талкууланды. Кара-Кыргыз автономиялык облусунун жана Түркия Республикасынын негизделгенине 100 жыл толушу менен байланышкан долбоорлорго өзгөчө көңүл бөлүндү. Хаккы Сусмаз кыргыз тараптын демилгелерин колдоого даяр экенин билдирди. Жолугушуунун соңунда тараптар биргелешип иштөө аркылуу туугандык мамилелерди бекемдөөгө жана кызматташтыкты ийгиликтүү өнүктүрүүгө ишеништи.
Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган Instagram'дын өлкөдө блоктолушу боюнча өз пикирин билдирди. Ал "санарип фашизми" жөнүндө айтып, ХАМАСтын саясий бюросунун жетекчиси Исмаил Ханиянын өлүмү менен байланыштырды. Эрдоган социалдык тармактардын кызыкчылыктары үчүн "мафия" сыяктуу иш алып барарын белгилеп, Палестина элдеринин кайгысын бөлүшүп, Ханиянын өлүмүнө байланыштуу улуттук аза күтүү күнүн жарыялады. Ал ошондой эле, кылмышкерлердин жоопкерчиликтен качышы мүмкүн эместигин, аларды сотто жоопко тартуу керектигин айтты.