Камчыбек Ташиев Мелис Аспековдун үч миллион доллар боюнча билдирүүсүнө жооп берди
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Мелис Аспековдун Садыр Жапаровдун шайлоо өнөктүгү үчүн бизнесмендерди алдап кеткенин айтып, 3 миллион долларга байланыштуу билдирүүсүнө комментарий берди. Ташиев коом мындай билдирүүлөргө сын көз менен карап, чындык менен калпты ажырата билиши керек деп эсептейт.