Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов актуалдуу көйгөйгө айланган өспүрүмдөрдүн жаныбарларды туурап кетүүсүнө жол бербөө максатында мектептерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүү демилгесин көтөрдү.
Бишкекте банкеттик мекемелердин өкүлдөрү менен акимчиликтердин жыйыны болуп, анда президенттин үй-бүлөлүк салтанаттарды жана сөөк коюу каада-салттарын жөнгө салуу боюнча жарлыктарынын аткарылышы талкууланды. Катышуучулар салттарды иретке келтирүү жана ысырапкорчулукту жоюу боюнча чараларды колдошту. МТУнун жетекчилерине мындай ырым-жырымдарга ашыкча жол бербөө боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырылды.
Бишкек шаарынын вице-мэри Талайбек Байгазиев 58 миңден ашык үйгө газ түтүктөрүнүн курулушу аяктап, шаардагы жылуулук жана экологиялык абал жакшырганын билдирди.
Бишкекте диний экстремизмдин алдын алуу чаралары көрүлүп, жыйынтыгында «Йакын инкар» кыймылынын 7 мүчөсү өздөрүнүн идеологиясынын туура эместигин моюнга алып, андан баш тартышкан. КР УКМК экстремисттик идеяларды жайылтуу үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.
Талас облусунда «Йакын инкар» РЭТинин радикал-экстремисттик идеологиясына каршы профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү. Топтун мүчөлөрү коркунучту түшүнүп, коопсуздук органдарынан расмий эскертүү алган соң мүчөлүктөн баш тартышкан.
Ленин районуна 2024-жылдын башынан бери 377 уй-було турак жайын камсыздандырды. Марыянын маалыматына ылайык, камсыздандыруу маселелери боюнча жыйноо болуп, шаардык мектептерде тушундуруу иштерин жургу-зуу пландалууда. Селолордо камсыздандыруу жылына 600 сом, шаарда 1200 сомду тузот. Турак жай толугу менен кырган учурга, селде 500 мин, шаарда 1 миллион сомго чейин компенсация алууга саз.