Тег түтүн

Полигонду рекультивациялоо борбордогу түтүндүн деңгээлин 10-15% азайтты

Бишкекте Климат жумалыгынын алкагында Жаратылыш ресурстары министринин орун басары Асел Райымкулова негизги экологиялык объектилерди кыдырып, түтүндүн көлөмүн 10-15% төмөндөткөн таштанды полигонунун рекультивациясына басым жасады. 5 гектар аянтка 3 миңге жакын көчөт отургузулуп, экологияны жакшыртуу максатында жыл сайын 10 миңден ашуун бак-дарак отургузулат. Ошондой эле альтернативалык жылытуу ыкмалары, анын ичинде жаңы имараттарды газдаштыруу талкууланды.