Бишкектин инспекторлору түтүнгө каршы күрөшүү үчүн унааларда чыккан газдардын курамындагы зыяндуу заттарды текшерүүдө
Бишкек шаарында жана Аламүдүн районунда Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору унаалардын экологиялык нормаларга шайкештигин текшерүү максатында рейд өткөрүштү. 12 жүк ташуучу унааны текшерүү учурунда 2 эреже бузуу аныкталып, айып пул салынып, айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.