Жалал-Абад шаарында көркөм сүрөт мектеп-интернатынын жаңы имараты курулат
Жалал-Абадда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев 1906-жылы курулган имараты авариялык абалда турган облустук көркөм сүрөт мектеп-интернатында болду. 30 бала жатаканасы жок башка жакка убактылуу которулган. Ташиев эски имараттарды бузуп, 100 орундуу жаңы заманбап мекеме курууну тапшырды, иш жакын арада башталып, келерки жылдын аягына чейин бүткөрүлсүн.