Тег төшөө

«Бишкекасфальтсервис» Көлмө жаңы конушунда асфальт төшөө иштерин ийгиликтүү аяктады.

Бишкектин Көлмө жаңы конушундагы көчөлөрдү асфальттоо иштери аяктады. Ошондой эле жолчулар Илим көчөсүнүн тилкелерин капиталдык оңдоодон өткөрүп, жакынкы аралыкта асфальт төшөөгө даярдап жатышат.

Ысык-Көлдүн айланма жолун реконструкциялоо иштери уланууда

Ысык-Көл айланма жолун реконструкциялоо долбоору 2024-жылдын апрель айынан бери жигердүү ишке ашырылып, ишти 2027-жылдын март айына бүтүрүү пландалган. Башкы подрядчик 276 техниканы жана 526 жумушчуну мобилизациялады. Учурда жер казуу, көпүрөлөрдү куруу, коммуникацияларды реконструкциялоо иштери жүрүп жатат. Маршрут 14 калктуу пунктту аралап, жалпы узундугу 44,9 кмге жакынды түзөт. Асфальт-бетон төшөлмөсүн фрезерлөө технологиясын колдонуу жолдун эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүн жакшыртууга багытталган.