Тег Төш-Булак

Мамлекет кайрадан Сокулуктагы «Эдельвейс» балдар лагеринин ээси болду

Сокулук районундагы «Эдельвейс» балдардын ден соолукту чыңдоо лагери бир нече жолу менчиктештирилип, мамлекеттин менчигине кайтарылган. Аянты 5,20 гектарды түзгөн лагерь 320 миллион сомго бааланган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди кайтаруу боюнча иштерди улантууда.