
Ашхабадда Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү таанытылды
Кыргызстандын туристтик потенциалы Ашхабадда тааныштырылды. Иш-чара Кыргызстандын Туркменистандагы элчилиги тарабынан уюштурулуп, туркмен саякатчыларына багытталган. Туризмдин бардык сезондук түрлөрү, анын ичинде спорттук жана медициналык туризм тууралуу маалымат берилди. Туркмен туристтик компаниялары Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар экенин билдиришти.