
Президенттик администрациянын кызматкерлери «Ак илбирсти колдоого 23 мүнөт» акциясына катышты.
Бишкек, 23.10.25 /Кабар/. Эл аралык ак илбирс күнүнө карата КР президентинин администрациясынын кызматкерлери «Ак илбирсти колдоо үчүн 23 мүнөт» акциясына катышты. Бул иш-чара Кыргызстандын туруктуу өнүгүү жана табиятты сактоо идеяларына берилгендигин символдоштурат.








