Тег таксисттер

Таксисттер менен курьерлердин салыктарын эми агрегаторлор төлөйт: бул кантип иштейт

Кыргызстанда 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып санарип платформалар аркылуу иштеген өз алдынча иштеген жарандар үчүн жаңы салык салуу тартиби күчүнө кирет. Эми такси, курьердик жеткирүү жана жүк ташуу кызматтары үчүн патент талап кылынбайт, бардык салык жана камсыздандыруу милдеттенмелерин агрегатор аткарат.

Кыргызстанда 1-сентябрдан баштап таксисттер жана курьерлер салыкты агрегаторлор аркылуу төлөшөт.

1-сентябрдан тартып, санарип платформалар жеке жактар үчүн киреше салыгын жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөйт. Бул такси жана курьердик кызмат көрсөтүүчүлөр үчүн патент жана полис сатып алууну жоюп, салыктык отчеттуулукту жеңилдетет.

Алмамбет Шыкмаматов ГУОБДДнин мыйзамсыз таксисттерди аныктоо боюнча рейддер тууралуу билдирүүсүн төгүндөдү

Бишкек, 11.04.25./Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов ГУОБДДнин мыйзамсыз таксисттерди аныктоо боюнча рейддер тууралуу билдирүүсүн четке какты. Шыкмаматов салык төлөө ар бир жарандын милдети экенин белгилеп, таксисттерди тоталдык көзөмөлдөө пландары жок экенин айтты.