Тег таланттар

Министрлер кабинети жана Бишкек шаарынын мэриясы КМШ ПААда Дельфий оюндарын уюштургандыгы үчүн сыйлык алды

Санкт-Петербург шаарында КМШ ПААнын илим жана билим боюнча туруктуу комиссиясынын жыйыны өтүп, анда илим жана техника тармагындагы мыйзам долбоорлору талкууланды. КМШ мамлекеттеринен 500гө жакын жаш таланттардын башын бириктирген Биринчи Ачык Балдар Дельфий оюндарынын Бишкекте ийгиликтүү өткөнү да белгиленди.

Кыргызстандын окуучулары каржылык коопсуздук боюнча эл аралык олимпиаданын жеңүүчүлөрү болушту

Кыргызстандык окуучулар Краснодар аймагында өткөн каржылык коопсуздук боюнча эл аралык олимпиадада ийгиликтүү чыгышты. Иш-чарага 36 өлкөдөн 600дөн ашык катышуучу катышты. Студент Сезим Кубанычбекова “эл аралык мамилелер” багыты боюнча 1-орунду, ал эми “экономика” багыты боюнча Айназик Мамаева жетинчи орунду ээледи. Олимпиада жаштар арасында финансылык коопсуздукту жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган панелдик талкууларды, мастер-класстарды жана сынактарды камтыйт.