Тег тандоосу

Парламенттик шайлоо – коррупцияга каршы күрөштүн уландысы.

Алдыдагы парламенттик шайлоолор Кыргызстанда саясий өзгөрүүлөргө жол ачат. Жарандар өз добуштарын акчага сатпастан, таза жана адилеттүү талапкерлерди тандап, коррупцияга каршы күрөшкө салым кошууга чакырылат.

Румыниялык ырчы «Мейкин Азия – 2025» гран-принин жеңип алды.

Ысык-Көлдө өткөн IV Эл аралык эстрадалык музыка фестивалында Гран-при Румыниянын өкүлү Мария-Диана Стынчуляшка ыйгарылды. Биринчи орунду Урмат Сатыбалдиев алды. Онлайн добуш берүүдө Якутиядан келген Кирилл Матвеев "Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү" болду.

«Сулайман-Тоо» КМШ жаш кинематографисттеринин кинофестивалы Ошто өтөт

Ош шаарында 2025-жылдын 12-14-май күндөрү жаш кинематографисттер үчүн биринчи «Сулайман-Тоо» кинофестивалы өтөт. Фестиваль заманбап тарбиялоо жана балдар маселелерине арналат. Иш-чарага 40 жашка чейинки КМШ өлкөлөрүнүн жарандары катыша алат. Катышуучулар кыска метраждуу, документалдык, анимациялык жана эксперименталдык тасмаларды сунуштай алышат. Талаптарга ылайык, фильмдер фестивалга чейин эки жыл ичинде тартылган болушу керек. Катышуу үчүн арыздар 2025-жылдын 25-апрелине чейин кабыл алынат.

Таласта жаштар форуму болуп өттү

Талас облусунда өткөн форумда 500дөн ашуун окуучулар өздөрүнүн келечегине ишенимдүү болууга, чынчылдыкка жана кылмыштуулуктун алдын алууга чакырылды. Иш-чарада ийгиликтүү инсандар менен таанышуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.