
Бишкекте Вивальдинин музыкасына «Мрамордун деми — айкелдердин көлөкөсү» балетинин премьерасы даярдалууда
А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры Антонио Вивальдинин музыкасына негизделген "Мрамордун деми — айкелдердин көлөкөлөрү" заманбап бир актылуу спектаклин даярдоодо. 28-июнда боло турган премьерада Россия, Беларусь жана Өзбекстанда белгилүү болгон балетмейстер Елизавета Матвиевич жана сүрөтчү Полина Кандаурова көрүүчүлөргө өткөн менен азыркынын философиялык бий диалогун тартуулашат. Спектаклде скульптуралар хореография аркылуу "жанданат" жана өз тарыхын баяндайт.


